www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Запорожье АЭСин аткылоо менен Украина бүтүндөй Европа элин өзөктүк кырсыктын коркунучуна кептеп жатат. Бул тууралуу Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Франциядагы кесиптеши Катрин Колонна менен телефондон сүйлөшкөн учурунда билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнү Франция тарап демилгелеген.

"Алар Запорожье АЭСинин айланасындагы кырдаалды жана МАГАТЭнин өкүлдөрүнүн станцияга баруусун уюштуруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Лавров Киев бийлиги Европадагы эң ири атомдук станцияны жана анын жанындагы аймакты аткылоону улантып жатканын айтып, муну менен Европа элин өзөктүк кырсыктын жаралуу коркунучуна кептеп жатканын белгилеген", — деп жазылат маалыматта.

Министрлер эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашкан.

Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости