www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист жана саясат таануучу Дарья Дугинанын өлүмүнө Украинанын тиешеси жок, деп билдирди президент Владимир Зеленский Крым платформасынын саммитинен кийинки маалымат жыйынында.
«Бул албетте биздин милдетибиз эмес. Бул биздин өлкөнүн жараны эмес, ал бизди кызыктырбайт жана ал Украинанын аймагында болгон эмес», - деди ал тиешелүү суроого жооп берип жатып.
Дарья Дугина 20-августта каза болгон. Анын унаасы Можайск шоссесинде "Традиция" фестивалынан кайтып келе жатканда жарылып кеткен. ФСБ жардыргыч затты Украинанын жараны Наталья Вовк орнотуп, андан соң Эстонияга качып кеткенин ырастоодо. ФСБнын маалыматы боюнча, адам өлтүрүүнүн уюштуруучулары Украинанын атайын кызматы болгон. Украина буга чейин бул окуяга тиешеси жок экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg