www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лавров Украинадагы жаңжалдын качан бүтөөрүн айтты

Батыш Украинага курал-жаракты канчалык көп жеткирсе, Украинадагы жаңжал ошончолук узакка созулат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Каспий жээгиндеги өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди

«Батыш тарабынан кабыл алынган мындай линия таптакыр тескери жана зыяндуу. Алар Украинага канчалык көп курал берсе, жаңжал ошончолук узакка созулуп, батыш борборлору колдогон нацисттик режимдин азабы ошончолук узакка созулат», - деди ал.

Мурдараак орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да эгер Киев аскерлерге куралын таштоого буйрук берсе, Украинадагы салгылашуулар «күндүн акырына чейин» бүтүшү мүмкүн деп билдирген.

Белгилей кетсек, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Киевге заманбап курал-жарактарды жеткирүү Украинанын Донбассты кайра көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн арттырышы мүмкүн деп билдирди.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон да согуштун узакка созулганына карабай Батыш Киевди колдоону токтотпой турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости