www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мээ кайнаткан ысыктан кантип сактануу керек?

Адам жайкысын ачык асман алдында гана эмес, бөлмөнүн ичинен дагы ысык өткөрүп алышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге Москванын Саламаттык сактоо департаментинин баштапкы медициналык-санитардык жардам боюнча башкы штаттан тышкаркы адиси Андрей Тяжельников айтып, кандай жагдайлардан сактануу керектигин тизмектеп берди.

Дарыгердин пикиринде, ачык асман алдында ысык өткөрүп алуу үчүн кишиге 20 мүнөт жетиштүү.

Кайсы жерлер ысыктын күнү организм үчүн кооптуу:

абанын табы 40 градустан ашканда көлөкөдө турган кишиге дагы күн өтөт;

үйдүн желдетилбеген бөлмөсү жана ишканалардын жабдуулар иштеп турган жайлары ден-соолукка бир топ залакасын тийгизет.

Ошондой эле адис сууну аз ичкен, синтетикалык кийим кийген, катуу чарчаган адамдарга тезирээк күн өтөрүн эскертти.

Мындан тышкары, дарыгер адамдын дене табы 40 градустан ашып кете электе ага медициналык жардам көрсөтүү керектигин айтат. Бул көрсөткүчтөн ашкан соң мээнин жана жүрөк-кан тамыр системасынын иши олуттуу өзгөрүп, кооптуу жагдай түзүлөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости