www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы украиналык саясатчылар сүйлөшүп эпке келе албай турганын көрсөтүштү. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди.

"Украинанын ушу кездеги саясатчылары сүйлөшүүгө жөндөмсүз экенин көпчүлүк билет. Басымдуу бөлүгү русофобиялык көз карашта экенин жашырбайт", — деди Лавров.

Эскерте кетсек, ноябрдын башында Украина президенти Владимир Зеленский Батыш ЖМКларынын Киевди сүйлөшүүгө мажбурлап жатышат деген билдирүүлөрүнөн кийин талаптарын атаган. Анын айтымында, сүйлөшүүнү баштоо үчүн "Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү, БУУ уставына урмат менен мамиле кылуу, чыгымдардын ордун толтуруу, кылмышкерлерди жазалоо жана мындай окуя экинчи кайталанбайт" деген кепилдик керек.

Ага чейин Зеленский Россиянын учурда иштеп жаткан жетекчилиги менен сүйлөшүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон. Мындан тышкары, Киев Москва менен өлкөдө бийлик алмашмайынча сүйлөшүүгө барбай турганын билдирген.

Ал эми Россия сүйлөшүүгө дайым даярдыгын айтып келет.

Өлкө президенти Владимир Путин чыр-чатактын баары дипломатиялык ыкма менен аягына чыгарын белгилеген. Ал "каршы турган тарап муну канчалык эртерээк аңдап түшүнсө, ошончолук жакшы болорун" эскертип келет.

Кремль Зеленский кааласа өлкө аймагында жүрүп жаткан согуштук аракеттер кийинки күнү токтой турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости