www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилсиз жоо 10 адамдын өмүрүн алды

Камбоджада Поипет шаарындагы Grand Diamond City мейманканасында чыккан өрттөн 10 адам каза болуп, кеминде 30 адам жаракат алды. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Өрт бир нече сааттан бери токтобой, 50гө жакын адам оттуу капканга камалып калган. Алардын айрымдары терезеден секирип кетишкен.

Имарат жарым-жартылай урап, конструкциянын айрым бөлүктөрү кыйшайган. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүүнү улантууда. Волонтерлор куткаруучуларга жардам беришээри айтылды.

Такталбаган маалыматтарга караганда, өрткө казинодогу газ баллондун жарылуусу себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости