www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, “Лос-Анжелес Лэйкерс” клубунун оюнчусу Коби Брайант Калифорниядагы учак кырсыгында 13 жаштагы кызы Жиана менен чогуу каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя Лон-Анжелестен түндүк тараптагы Калабасас шаарынан алыс эмес жерде орун алган. Коби Брайант жана анын 13 жаштагы кызы куткаруучулар келген кезде баардыгы кеч болуп калган. Учакта алардан тышкары 3 адам болгон. Аларда ошол замат жан беришкен.

Азырынча эмне максатта, кайда бара жаткандары жөнүндө толук маалымат жок.
Учурда Брайант 41 жашта болчу.
Баскетболчу карьерасын 1996-жылы мектепти бүтөрү менен улуттук баскетбол ассоциациясында эң жаш оюнчу болуп баштаган.
"Лэйкерс" клубу үчүн 20 сезон ойноп, команда менен бирге беш жолу чемпиондук титулга жетишкен.
Боюнун узундугу 198 см келген Брайант Улуттук баскетбол ассоциациясынын эң кымбат оюнчусу деп таанылган.
АКШнын улуттук курамасында Брайант катышкан команда эки жолу Олимпиаданын алтынын алууга жетишкен.

2018-жылы ал продюсерлик кылган "Кымбат баскетбол" тасмасы Оскар сыйлыгын алган. Американын Sports Illustrated журналы Брайантты акыркы он жылдыктагы мыкты беш спортчунун тизмесине киргизген.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости