www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери COVID-19 илдетин алдын алуу жана анын жайылып кетпөөсүнүн алдын алып, өзгөчө кырдаал режими бүткөнгө чейин иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо максатында кызматтык унааларга үн чыгаруучу каражаттар менен санитардык эрежелердин нормаларын сактоо, жөнү жок унаа башкарып көчөгө чыкпоо ошондой эле такси кызматтары 2ден ашык адам албоого боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Мындай түшүндүрүү иштерин райондогу ар бир айылдарда жүргүнчү ташыган менчик автоунаалардын айдоочуларына да кылдаттык менен түшүндүрүлүп, айдаган автоунааларынын туткаларын, отургучтарын дезинфекциялоо жагы байма-бай эскертилүүдө.

Ошондой эле ар бир айдоочуларга эпидемиянын санитардык эрежелеринин нормаларын сактоо боюнча атайын ЭСКЕРТМЕЛЕР даярдалып, таркатылды. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости