www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте айдоочулардын ортосундагы жаңжал мушташка айланды. Натыйжада жаңжалдын бир катышуучусу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

Окуя 18-майда болжол менен саат 18.00лар чамасында Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Бишкек ШИИББи журналисттерге жабыркаган жигит милицияга арыз жазганын билдирди. Кол салган адамды издөө иштери жана жаңжалдын себептери иликтенүүдө.

Жабырлануучунун айтымында, ал буга чейин аны сабаган айдоочуну көргөн эмес. Мушташ жолдогу кадимки айдоочулардын кайым айтышуусунан улам келип чыккан. Жабырлануучу башка бир айдоочунун жолун кесип өткөн, ал сүйлөшүү үчүн жолдун боюна токтогон. Уруш мушташка айланып кеткен.

Бул факт КЖБРге "Бейбаштык" беренеси боюнча катталган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости