www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-майда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев аймактагы абал тууралуу маалымат берди.

Жыйында Соль-Илецк шаарынан келген жарандардын ичинен 51 киши Талас облусуна кайтышканын билдирди.

"Облустук штабдын алгоритмине ылайык, чет өлкөдөн келгендерди обсервацияга алышыбыз керек. Биз Соль-Илецктен келгендерди Талды-Булак айылынан тосуп алып, обсервацияга жайгаштырдык. Облуста лаборатория иштеп жатат. 5 күндөн кийин алардан тест алынат. Дарыгерлердин сунушу менен жана коопсуздук үчүн обсервацияга жайгаштырдык", - деди Мураталиев.

Ал эми обсервацияга жайгаштырууга каршы болгондорду уруп-сабады деген кептер туура эместигин кошумчалады.

"Уруп-сабоо болгон жок. 51 кишиден тышкары аларды облуска алып келген айдоочулар дагы обсервацияга алынды. Арасында 4-5 жаран каршы болгондуктан аларды милиция кызматкерлери обсервациялык жайга киргизишти", - деп баса белгиледи.

Булак: NazarNews.org

Последние новости