www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчисинин орун басары Элдияр Шерипов депутат Махабат Мавлянованын суроосуна жооп берип жатып, Бишкектин абасын көбүнчө автоунаалар булгап жатканын билдирди.

«Абанын булганышына менчик мончолордун да таасири бар. Мындан тышкары абаны 13-14% Бишкек Жылуулук электр борбору булгай турганы белгилүү», - деди Элдияр Шерипов.

Жыйында Руандада 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган «Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна киргизилген түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.org

Последние новости