www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуусунда, Газада толук ок атышпоонун «тез арада» жарыяланышы керектигин баса белгиледи.

Хакан Фидан расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, жолугушууда Газадагы абал, аймактык маселелер жана эки тараптуу карым-катнаштар каралды. Жолугушууда эки мамлекеттүү чечим үчүн биргелешип аракеттенүү зарылдыгы да айтылды.

Ошондой эле Швециянын мүчөлүгүнүн алкагында НАТОнун кеңейүү процесси талкууланды. Болжол менен 2,5 саатка созулган жолугушуудан кийин эч кандай билдирүү жасалган жок.

Блинкен жолугушуудан кийин Анкарадан жөнөп кетти.

Ал арада Түрк жаштар биримдигинин мүчөлөрү Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанында мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин Түркияга сапарына нааразылык билдиришти.

Анкара Палестина тилектештик платформасы да кечээ кечинде борборго келген Энтони Блинкенге АКШнын Анкарадагы элчилигинин алдында каршылык көрсөткөн.

Түркияга келээрден мурда Иракка күтүүсүз сапар жасаган АКШ министри борбор шаар Багдадда премьер-министр Мухаммед Шиа Судани менен жолугушкан. Бул сапарда Блинкендин ок өткөрбөгөн жилет кийип жүргөнү байкалганын жергиликтүү ММК жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости