www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаевдин маалымат кызматы билдирди.

"2023-жылдын 9-ноябрында мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Астанага расмий иш сапары менен келет. Анын алкагында мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландалууда. Эки өлкөнүн ортосундагы Казакстан-Орусия стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланат», - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, президенттер видеоконференция аркылуу Костанайда өтө турган Казакстан менен Орусиянын 19-аймактар ​​аралык кызматташуу форумуна катышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстан менен Орусиянын аймактар ​​аралык кызматташуу форуму 2022-жылдын ноябрь айында Оренбург шаарында өткөн.

Бирок орус тарап Путиндин Казакстанга сапарынын так күндөрүн расмий жарыялай элек.

Эскерте кетсек, Франциянын президенти Эммануэль Макрон буга чейин Казакстанга келген. Кошумчалай кетсек, Түрк мамлекеттер уюмунун 10-юбилейлик саммити Астанада өтүп, ага Өзбекстан, Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Венгрия жана Түркмөнстандын лидерлери катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости