www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда "Лимонти" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум өттү.

Ишти сот Мирлан Термечиков алып барды.

Сот процессинин жүрүшүндө айыпталуучу Талгат Шамиев 10 жылга эркинен ажыратылып, бирок ага карата мунапыс колдонулган. Ошентип, анын камакта кармалгандыгынын 2 жылын эске алып, жаза мөөнөтү ¼ ге кыскартылып, Шамиев 6 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары, айыпталуучу моралдык чыгым катары жабырлануучу тарапка 100 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берет.

Эске салсак, Алмазбек Сулайманов 2020-жылдын март айында Нарында бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. “Лимонти” уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости