www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы 2 жылда Кыргызстанга Түштүк Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттардын саны бир топ көбөйдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Азамат Калысбеков «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мурда Индия жана Пакистандын жарандары көбүнчө окуу үчүн келишчү.
Адис Непал, Бангладеш, Шри-Ланка жана Пакистандын жарандары Кыргызстанды эмгек миграциясы үчүн ылайыктуу өлкө катары карап жатканын белгиледи.
«Ошондой эле өлкө аймагында Өзбекстан, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн келген миграциялык агымдар байкалууда», - деп белгиледи ал.
Калысбеков кошумчалагандай, эгерде мурда негизинен тар адистиктеги адистер келишсе, азыр миграциянын багыттары ар түрдүү болуп калды.