www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир катар өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ Лондондогу кол салуунун жоопкерчилигин өзүнө алды.

Мындай билдирүүнү аталган топ өзүнө байланышы бар "Амак" маалымат агенттиги аркылуу тараткан.

Буга чейин Британиянын полициясы кол салууну жалгыз киши ишке ашырганы менен аны көкүтүп турган чет жерде кишилер болгонун айткан эле.

Шаршембиде Лондондун борбордук бөлүгүндө белгисиз киши унаа менен бир нече кишини сүздүрүп өтүп, кийин полицияга бычак сайган. Ал парламент имаратынын алдында полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Соңку такталган маалыматтарга караганда кол салуудан төрт киши каза тапты, анын ичинде кол салган киши да бар. Каза тапкандардын бири полиция кызматкери Кит Палмер, калганы 40 жаштагы аял, 50 жаштагы эркек киши деди полиция.

Ооруканага ар кандай жаракат менен 29 киши түшкөн, алардын жетөөнүн абалы оор.

Бүгүн эрте менен кол салууга шектүү катары полиция жети кишини камакка алганы белгилүү болду. Полиция бул окуяны терракт катары баалаган. Түн ичинде полиция алты дарек боюнча рейд өткөрдү. Лондон, Бирмингем жана бир катар аймактарда иликтөө иштери уланып жатат.

Булак: "bbc.com"

Последние новости