www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британ полициясы Лондондун борбордук бөлүгүндөгү кол салууга катыштыгы болгон деп дагы эки кишини камакка алды.

Ушуну менен иликтөө жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп кармалгандар саны онго жетти. Бир аял күрөөгө бошотулду.

Лондондогу кол салуунун курмандыктары беш киши болду. Кечээ түндөсү 75 жаштагы Лесли Родс көз жумган. Ондогон кишилер ооруканада жатат. Алардын экөөнүн абалы оор деп айтылды.

Шаршембиде күндүзү Лондондун борбордук бөлүгүндө белгисиз киши унаа менен бир нече кишини сүздүрүп өтүп, кийин полицияга бычак сайган. Ал парламент имаратынын алдында полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Бул кол салуунун жоопкерчилигин бир катар өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ өзүнө алган.

Полиция кол салган киши 52 жаштагы Кент графствосунда туулуп өскөн британиялык Халид Масуд болгонун кабарлаган. Башында полиция Масудду бала кезинде Эдриан Элмс деп аташканын айтып, кийин анын чыныгы аты Эдриан Рассел Аджао экенин тастыктады.

Масуд буга чейин полицияга таанылган киши болгон. Анткени ал бир нече жолу мыйзамсыз курал сактоо, кишинин денесине оор залака келтирүү, коомдук тартипти бузуу боюнча айыпталып, сот жообуна тартылган экен. Биринчи жолу Масуд 1983-жылы бирөөнүн мүлкүн зыянга учуратканы үчүн соттолгон. Ал эми акыркы жолу 2003-жылы мыйзам бузууга барган. Бирок буга чейин терроризм, экстремизм боюнча айыптоолорго кабылган эмес.

Булак: "bbc.com"

Следующий >

Последние новости