www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус президенти Александр Лукашенко мамлекеттик кызматкерлерден 1-апрелге чейин туугандары менен жакындарын, анын ичинде «көңүлдөштөрүн» жумушка орноштурууну талап кылды. Бул тууралуу «БЕЛТА» маалымат агенттиги билдирди.

"Эгер жубайыңар менен көңүлдөшүңөр ооруп жаткан болсо, аларды дарылайбыз. Калгандары жумушта болушу керек", - деди Лукашенко.

Беларустагы «бекерпоздук тууралуу мыйзамга» ылайык, жарым жылдан бери иштебеген беларус жарандары жана өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр 170 еврого жакын өлчөмүндөгү айып пул төлөшү керек. «Бекерпоздук үчүн төлөнчү салыктын» биринчи мөөнөтү 20-февралда аяктады.

Минскте жана өлкөнүн башка ири шаарларында мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциялары өткөн. Анын катышуучулары декрет өлкөнүн жумушсуз жарандарынын укуктарын бузат деп эсептешүүдө.

Күн мурун Лукашенко төлөм мөөнөтүн бир жылга жылдырды. Ошондой эле беларус лидери аткаминерлерге декретке түзөтүүлөрдү киргизүүнү тапшырды.

Булак: "centralasian.org"

Следующий >

Последние новости