www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко инаугурациясы жашыруун өткөнүн айтып, анткени ал күнү белгисиз адамдар провокация уюштурууну пландап жатышканын билдирди. Бул тууралуу Life.ru сайты жазган. 

Маалыматка ылайык, Белоруссиянын лидери инаугурацияга чейин белгисиз адамдар провокация уюштурууну көздөп жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгын айтты. Анын айтымында, белгисиз адамдар депутаттар келчү автобустун ичине Молотов коктейлин ыргытышмак.

-- “Инаугурацияны жалпыга жарыяласак биз боолгологондон да  жаман окуялар болуп кетмек. Депутаттар келе жаткан автобусту өрттөп жиберүүнү пландап жаткандар болуп жатканын угуп калдым. Эгер депутаттар ошол жерде өрттөнүп кетишсе эмне болмок? Ал эмнеге алып келмек? Мен эмне кылышым керек эле? Мен колумдан эмне келсе, ошону жасадым", - деди Александр Лукашенко.

Лукашенконун инаугурация аземи 23-сентябрда Эгемендүүлүк сарайында өткөн. Алдын-ала жарыяланган эмес, ага 100гө жакын гана адам катышкан. Ант берүү аземи сыналгыдан көрсөтүлгөн эмес жана ММКларга да жарыяланган жок. Белоруссиянын мыйзамдарына ылайык, Лукашенко инаугурация жөнүндө эч кимге билдирүүгө милдеттүү эмес.

Белгилей кетсек, бир канча өлкө лидерлери Лукашенконун бул кылганын туура эмес деп эсептеп, аны Белоруссиянын президенти деп таануудан баш тартышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости