www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Марлен Абдырахманович, атаңызды премьер-министрлик кызматка көрсөтүп жатышабы?

- Андай деле эмес. Балким, атамды жаман көрсөтүш үчүн ошол кызматка татыктуу деп кээ бирөөлөр атайын атын атап жатышса керек.

- Коомчулүкта президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча сценарийди эмес, сметаны карап чыгыш керек. Бизде ар дайым смета кымбат түзүлөт дегендер чыга баштады. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Туура эле айтып жатышат. Анткени, бизде бир миллионго эле өткөрсө боло турган иш чараны 5 миллион сомго баалаган мезгилдер болгон. Бу сапар дагы ошондой болбосун деген ойдо сметаны карагыла деп жатышса керек.

- Аз каражат менен президенттин ант берген аземи жупуну өтүп калбайбы?

- Эгерде башка мамлекеттердин президенттери келе турган болсо, сырттан коноктор көп келсе, анда биз ант берүү аземин жакшы өткөзүүгө милдеттүүбүз. Эгер пандемиялык абал эске алынып, сырттан коноктор келбей турган болсо, өзүбүз үчүн өтө кымбат эмес, бирок ошол эле учурда жогорку деңгээлде өткөрүп, иш чараны жаңы көз караш, заманбап технологиялар жана жаңы идеялар менен сонун өткөзсө болот. Аны сонун репортаждар менен маалымат каражаттары аркылуу чагылдырсак, ажары ачылып эле калат. Салтанат өтө турган жерди деле бир топ кызыктуу жана жогорку деңгээлде даярдап, аз каражат менен деле жогорку деңгээлде өткөрүү мүмкүн. Бирок, тилекке каршы, бизде көп учурда эски көз караштагы көп нерселер калып калып жатат.

- Айтмакчы, ар бир депутат өз кабииетин ремонттосун деген демилге көтөрдүңүз эле. Ал аракетиңизден майнап чыктыбы?

- Ооба 80 депутат өз кабинеттерин ремонт кылдырды. Ал турсун жалпы аянтты оңдоп-түзөөгө да салым кошушту. Азыр өздөрү компьютер алсын деген маселе көтөрүп жатам. 60 депутат өзү компьютер алмай болду. Буюрса, дагы 20 депутатты макулдатабыз деп турабыз.

Булак: Майдан.kg

Последние новости