www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист:

Кыргызстан ЕАЭБдин "кара тешигине" айланды. Мөөнөтү өткөн, начар, сапатсыз азык-түлүктүн баары Кыргызстанга келип жатат. Бул тууралуу журналист, блогер Эрулан Көкүлов "Маралга" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, алешемдиктердин баары Өкмөт көзөмөлгө албагандан келип чыгат.

"Не сахар" жарыялаган видеолор коомчулуктун тамактануу маданиятына оң таасирин тийгизүүдө. Маселен, мурда кардар мөөнөтү өтүп кеткен товарды сатып алган дүкөнгө кайра алып барганда, дүкөндөр алмаштырып берчү эмес. Азыр абал өзгөрдү.

Учурда тамак-аш боюнча бизнес кылган ишкерлердин ишине байкоо салынууда.

"Бизнесмендер оңдоп-тазалап, мага өздөрү кайрылып, мындан ары ушундай иштешүүгө даяр экенин айтып жатышат. Бизнесмендерге башынан эле иштешүүгө, ишин көрсөтүп берүүгө даяр экенимди айткам. Тилекке каршы, эч ким көрсөтчү эмес. Ал эми азыр алар тазалап, мен көрсөтүп берип жатам. Менин эки жарым жылдан бери каалап келе жаткан нерсем орундалды", — дейт Көкүлов.

Ал долбоорду каржылык жактан колдоого кызыкдар ишкерлер бар экенин белгиледи. Бирок долбоор алгач коомго пайдалуу болушу керектигин, акча экинчи орундагы маселе экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости