www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусь президенти Александр Лукашенко тынчтыкты сактоо үчүн өлкөдө өндүрүштү жана айыл чарбасын өнүктүрүп, эмгектенүү зарыл экенин айтты. Бул тууралуу БелТА жазды.
«Азыр баары тынчтык болсун деп кыялданып жатышат. Андан ары кандай болору дагы белгисиз. Тынчтык болушу үчүн жөнөкөй формуланы айтайын: өзүбүз иштешибиз керек», — деди Лукашенко.
Анын айтымында, өлкөдө нан өндүрүлүп, талаалар айдалып, өнөр жай тармагы иштеп, продукция сатылып турса, коомдо туруктуулук сакталат.
«Нан жыйнайбыз, бардык талааларды айдайбыз, өнөр жайда иштейбиз жана продукция чыгарып сатабыз — тынчтык болот. Иштебей калсак, иштебегендер иштегендерден тартып ала баштайт. Чыр чыгат — согушка чейин жетебиз», — деди Беларусь президенти.