www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун аймагында жапайы өскөн кара-куурайды аныктоо жана жок кылуу боюнча рейд өткөрүлүп, 2 тоннадан ашуун өсүмдүк жок кылынды.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, 3–8-август күндөрү «Кара-куурай» аталышындагы иш-чаранын экинчи этабы өткөрүлдү. Ага Ош ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Араван жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылды.

Иш-чаранын алкагында райондордо баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү аныктоо максатында жалпы 3 гектар жер текшерилди. Натыйжада 2 тоннадан ашуун жапайы өскөн кара-куурай орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынды.

Иш-чара жапайы кара-куурайдын өсүшүн чектөө жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу максатында өткөрүлгөн.

Учурда милиция кызматкерлери облус аймагында баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүү фактыларын аныктоо жана жеке менчик жер тилкелеринде, талааларда жана короо-жайларда жапайы өскөн кара-куурайды жок кылуу боюнча иштерди улантууда.

Последние новости