www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу Өкмөттүн аппарат жетекчиси, мотору, кыймылдаткыч күчү Эмилбек Каптагаев Бишкек ойдон чыккан жомок, борбордун атын «Манаска» өзгөртөлү деп чачын жулайын десе чачы жок. Дагы бир саяк, «лысый башка» жагынан коллегасы Кайып Шери  ызы-чууну Туу көтөрүп баштап, Убактылуу Өкмөттү бийликке алып келген. Бүгүн жер тепкилеп ыйлап, Акаев менен Бакиевдин жүзүн кантип карайм деп уялып, кылган ишине өкүнүп отурат. Анткени, Убактылуу Өкмөт бийликке келер менен бири-бирин жеп отурушуп, өздөрү семиз улакты жешип, элге чычаңын да ыраа көрүшпөй койгону үчүн. Эмилбек мырза Кыргызстанды мурдунан жетелеп жүргөн инсан, Бишкек жомок болсо, Манас да жомок, эпос. Азыркы бийлик Каптагаевдин айткандарына кулак какпай эле Бишкек баатырга эстелик тургузуп койду. Демек илимпоз,тарыхчы Табылды Акеров кан –какшап Бишкек баатырдын ата-тегин сүрүп жүргөнү туура экен. Эпостогу Манаска караганда Бишкек баатыр жашап өткөн инсан тура.  

Деги эле таздар «опасный» келишет. Владимир Ильич Ленин деген таз болгон. Немецтердин колтугуна кире качып, акча алат да мекени Орус империясына чыккынчылык кылып бийликти алмаштырат. Бийлик башына келген соң немецтерге Брест келишими менен карыздарын, бир топ жерди кертип берет. Аягында шал болуп ооруп калып, аны Горкиге  камап коюшат да, анын атынан Лениндин айткандары деп каалаганды жаза беришет. Ал өлгөн соң да жөн коюшпайт. Мына жакында жүз жыл болот, көмүлбөй эле жатат, «мени качан көмөсүңөр» деп жалдырап, түнкүсүн кээде козголуп ыйлайт дешет. Кылган кылыктарын эми түшүнүп жатса керек.

Никита Сергеевич Хрущев деген таз болгон. СССР мамлекетин башкарып турган 50-60-жылдары  80-жылдары коммунизм куруп, Американы кубалап өтөбүз деген. Андан бери алтымыш-жетимиш жыл өттү,  коммунизм болсо жок, Америка болсо таскактаган бойдон жеткизбей кетип баратат. Калп айтканы үчүн көр алдында жатып өкүнүп жатса керек.

Михаил Сергеевич Горбачев деген таз жүрөт. Зор империяны бир заматта талкалап салды. Ал СССРди мурункулардай башкарса эмгиче эле сакалын сүйрөп башкарып жүрө бермек. СССРде ушундай болчу, өлмөйүн башкара берчү. Раиса Максимовнанын көзү эбак өткөн СССРдин жалгыз президентине аял тийбей коймок беле? Горбачев деле СССРди таратып жиберген кылыктары үчүн катуу өкүнүп, элден кечирим сурап жүрөт.

Андан кийин келген дагы бир таз жагынан коллегасы Владимир Путин айтып жатпайбы: «СССРге өкүнбөгөндөрдүн жүрөгү жок, СССРди калыбына келтирем дегендердин мээси жок» деп.

Аскар Акаев деген таз болгон, кыргыздарды түз эле экинчи Швейцарияга айлантам деп. Экинчи Швейцарияга айланганыбыз чындык, андан ашып кеттик. Бирок, Акаевдин жакындары, туугандары, дос-тамырлары жана улунуп-жулунгандар. Эл болсо талаада калды, эч ким ойлобой, ойлойлу десе мамлекеттик бюджеттин капчыгы тартыш болуп жатпайбы. Бир гана жыл Бакиевдин убагында 2007-жылы гана бюджет профициттүү түзүлгөн.

Ал эми «Улуу биримдик» партиясынын лидери, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштап жатып, жүдөп бүттү. Албетте, ал 2010-жылы Убактылуу Өкмөт менен президенттин аппаратын жетектеп турганда Бишкектин атын өзгөртүп койсо, ызы-чууда билинбей калмак. Эми отуз жыл Бишкек кулакка сүйкүмдүү угулуп калганда кантип алмаштырабыз? Рим, Ош, Бээжин шаарлары үч миң жылдан бери, андан кийинки Лондон, Париж, Берлин, Москва сыяктуу шаарлар аттарын өзгөртпөй эле келатышат. Өзгөргөртө бергендерден Шуша Ташкенге, Верный Алматыга, Сталинабад Дүйшөмбүгө, Целиноград Нур-Султанга, Полторацк Ашгабатка, Фрунзе Бишкекке айланды. Чындыгы Фрунзеге караганда Бишкек кыргыздын сөзү. Шаарлардын көпчүлүгүнүн аты кандайдыр бир ысымга байланыштуу эмес, ошол калктын төл сөзү болгону дурус.

“Жалган жерден тарых жаратуу жакшылыкка алып барбайт… Бишкек ысымдуу инсан жашап өткөн болсо дагы ал кишинин атынан жер аталып калганбы же болбосо ушул Бишкек деген жерде туулуп калганы үчүн ата-энеси ага Бишкек деп ат койгонбу белгисиз… Азыр деле Алайбек, Таласбек, Чаткалбек, Нарынбек, Жумгалбек … деген ысымды алып жүргөн канчалаган киши бар, анан кийин ошолордун урпактары биздин бабабыздын атынан өрөөнгө ат коюлган деп чыкса болбойт да… Негизи Чүйдөгү жер-суунун аттары Кара-Балта, Сокулук, Бишкек, Токмок деп бир логика менен аталганы бекер жерден эмес, кыргыз эли жөн эле атай бербейт эле. Анын үстүнө жазуучу Нурия Шагапова өзү моюнуна алып жатат, 1991-жылы академик Плоскихтин өтүнүчүн менен “Бишкек жомогун” ойдон чыгарып жаза салдым эле деп… Эми минтип “Ордо калааны негиздөөчү” катары ташка чеккен таптакыр натуура иш… Документалдуу тарыхый далил жок болгондон кийин бул ишти токтотуу керек, өтө тереңдетпей. Негизи эле ары бери талашпай Ордо калааны “Манас” деп койгонубуз туура. Ушул маселени 11-апрелде боло турган референдумга конституция мене кошо чыгарса да туура болот, Ордо калааны Манас деп атоого элдин пикирин сурап. Болбосо Шагапова деген жазуучу жазган жомоктун каарманы, ошонун атынан Ордо калаабыз Бишкек деп аталат дегендин өзү уят, шаарыбыздын аты фейк деп кантип айтабыз”, – дейт Каптагаев.

Шагапова деген кыргыз элине жакшылык кылмак беле же санжыраны билип коюптурбу? Бул позицияга каршы чыккан илимпоз Табылды Акеров. Табылды Акеровдун далилдүү фактыларына таянып Бишкек шаарында Бишкек баатырга эстелик курулду.  Өткөндө түрк окумуштууларынын Алматы шаарында өткөн симпозиумунда Табылды Акеровдун «Кыргызы: этногенез и история» деген китебине талкуу болгон. Анын китебин окуп, өтө кызыктуу окуяларга, фактыларга бай материалдарды талкуулашкан илимпоздор жакшы баа беришкен. Мисалы, буга чейин Кыргыз мамлекетинин борбор калаасы Бишкек шаары тууралуу кандай гана сөздөр айтылбады. Орусиянын биринчи каналы кыргыздар борбор калаасын кымыз бышкычтан улам атап алышты деп шылдыңдап да чыкпады беле. Ошондо буга жооп катары ар кандай жоромолдор айтылган. Табылды мырза өз китебинде тарыхий булактарга таянып биздин калаанын атына байланыштуу өтө кызыктуу Бишкек баатыр тууралуу уламышты келтирет. Акеровдун китеби аркылуу Бишкек калаасынын аты өтө чоң маанини туюндурганын билүүгө болот. Ошондуктан ага эстелик тургузулду. Кыязы, муну Бишкек калаа башчысы жана жалпы депутаттар калың журт эстерине сала жүрсө жакшы болот экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости