www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-апрелде «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген айып менен кармалган серепчи Марат Казакпаев жана анын шеригинин бөгөт чарасын карады. Соттун басма сөз кызматы, анда кылмышка шектүүлөрдү эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарылганын ырастады.
Атайын кызмат Казакпаев менен М.Т аттуу жаранды 13-апрелде кармаган жана экинчи адамдын чоо-жайы тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек. Кылмыш ишинин жагдайы дагы белгисиз.
Өткөн аптада «Азия Ньюс» гезити менен бул басылмага таандык aryba.kg сайты Казакпаевдин «Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт» деген темада маектерин жарыялаган. Анда серепчи азыркы бийликтин, анын ичинде атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу аракеттерин сынга алган.
Булак: NazarNews.kg