www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул күндөр аралыгында Кытай Эл Республикасынын Пекин жана Шинжаң шаарларында «China Closer» медиа-туру өтүп жатат.
Кезектеги сапар Хуаянь аймагындагы Кажитали айылы – хамий дарбызынын тарыхый мекенине улантылды.
Хуаянь волостундагы Кажитали айылы хамий дарбызын өстүрүүнүн байыркы очогу болуп эсептелет. Тарыхый маалыматтарга ылайык, дал ушул айылда император сарайына жөнөтүлгөн «Хамий белек дарбыздары» өстүрүлгөн.
Бүгүнкү күндө Кажитали айылы бул тармакты заманбап ыкмалар менен өнүктүрүп жатат:
Жергиликтүү ишканалар тартылып, өндүрүш көлөмү кыйла өскөн.
Айдоо жана өстүрүү технологиялары жаңыртылып,
дарбыздын сапаты, түшүмдүүлүгү жана кирешелүүлүгү жогорулаган.
Негизги кадамдар:
«Цяньин» аттуу кооператив бир сезондо эки жолу дарбыз алуу ыкмасын ийгиликтүү колдонууда.
Негизги өстүрүлүп жаткан сорттор:
«Чжиай мигуа» (Балдай таттуу), «Хуанцы гунгуа» (Император белеги),
«Итэн янггуан» (Күндүн нурунда өскөн),
«Сичжоу ми №25»,
(Бул сорттордун канттын курамы 16%дан жогору)
Сатуу жана киреше жагы:
Продукция келишим менен төмөнкүдөй соода түйүндөрүнө жеткирилет:
«Сяньфэн» мөмө-жемиш дүкөндөр тармагы,
RT-Mart супермаркеттери
Hema жаңы азык-түлүк онлайн платформасы,
айыл тургундарынын жылдык орточо кирешеси 30 000 юандан ашкан.
—— Жергиликтүү эл үчүн кошумча жумушчу орундар түзүлүп, бул демилге салттуу айыл чарбасын заманбап технология жана маркетинг ыкмалары менен айкалыштырып, ийгиликтүү өнүгүүнүн үлгүсүн көрсөтүүдө, - дейт Лю Вэй.
Алсак, Лю Вэй – айыл чарба жаатындагы алдыңкы мыкты адис.
Лю Вэй – Хами шаарынын Ичжоу районундагы Айыл чарба жана айыл аймактарын өнүктүрүү башкармалыгында айыл чарба технологияларын жайылтуу боюнча улук илимий кызматкер болуп эмгектенет. Ал бул тармакта көп жылдык тажрыйбага ээ адис катары, заманбап агрардык технологияларды иштеп чыгып, аларды фермерлерге жайылтууда чоң салым кошуп келет.
Мындан тышкары, ал Ичжоу районундагы Уруктук борбордун селекция жана үрөнчүлүк бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапаттуу үрөндөрүн тандоо, жакшыртуу жана өндүрүү боюнча иш алып барат. Анын жетекчилиги алдында жергиликтүү шартка ыңгайлаштырылган жогорку түшүмдүү жана ооруларга туруштук бере алган сорттор өстүрүлүп, фермерлер арасында кеңири колдонулууда.
Лю Вэйдин негизги максаты – Ичжоу районунун айыл чарбасын илимге негизделген, натыйжалуу жана туруктуу жол менен өнүктүрүү. Ал айыл чарбасын механизациялоого, агротехникалык ыкмаларды өркүндөтүүгө жана агрардык билимди элге жеткирүүгө басым жасап келет.
Анын эмгеги жергиликтүү дыйкандар үчүн чоң көмөк болуп, айыл чарбасында кирешенин көбөйүшүнө жана жашоонун жакшырышына өбөлгө.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын 12–23-июну аралыгында Кытай Эл Республикасынын Пекин жана Шинжаң шаарларында «China Closer» медиа-туру өтүп жатат.
Медиа-турдун максаты — Кытайдын аймактык өнүгүүсүн, маданиятын жана жаңы технологиялык жетишкендиктерин эл аралык журналисттерге жана медиа өкүлдөрүнө таанытуу.
Иш-чаранын уюштуруучусу - CCTV (CCTV+) видеомаалымат агенттигинин президенти, башкы директору жана башкы редактору Гао Вэй.
Аталган иш- чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Гана, Африка, Эфиопия, Мьянма, Лаос, Мазамбик, Сауд Арабия, Ирак ж.б. өлкөлөрдүн медиа өкүлдөрү катышууда. Ага Кыргызстандан NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева чакырылган.