www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Узакка созулган оорудан улам Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси Жумаалы Момункулов 84 жаш курагында дүйнө салды.

Момункулов Жумаалы Момункулович 1937-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагандан кийин, эмгек жолун Токмок шаарындагы республикалык маданий агартуу окуу жайында мугалимдик кесиптен баштап, Фрунзедеги балдардын П.Шубин атындагы музыкалык мектептин педагогу, окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары, республикалык адистештирилген М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын директору, П.Шубин атындагы мектептин директору, Кыргыз мамлекеттик М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын директору, маданият министринин орун басары, Мамлекеттик тарых музейинин директору сындуу жооптуу жетекчилик кызматтарды ийгиликтүү аркалап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости