www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын бир нече аймагында бүгүндөн тарта 18-октябрга чейин электр кубаты өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлайт. "Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт", — деп айтылат маалыматта.
Электр кубаты төмөнкү шаар-райондордо убактылуу өчүрүлөт:
16-октябрь:
Кара-Суу районунун Кайрат, Достук, Манас, Баш-Булак, Каратай, Курбан-Кара, Сары-Колот, Ак-Колот, Бирдик айылдары, Кара-Суу шаарынын Ленин, Пушкин, Нурахунов, Ош, Өзгөн, Токтогул, Нариман, Савай, Энгельс көчөлөрү;
Араван районунун Анаров айыл өкмөтү;
Өзгөн районунун Кароол, Куршаб, Кызыл-Октябрь, Жалпак-Таш айыл өкмөттөрү;
Ош шаарынын Шакиров, Жумабаев көчөлөрү, Масалиев проспекти ("Дом быт", "Аскер кафедрасынын" айланасы), Өзгөн, Бобулов, Курманжан датка, Ленин, Сулайманов, Бөрүбаев, Арзыкулов, Тилеке баатыр, Мажирим тал, Монуев, Баялинов, Аматов, Супаналиев, Шамшиев, Алиев, Алымбеков, Жунусов, Карабаев, Пржевальский көчөлөрү.
17-октябрь:
Ноокат районунун Мал базар, Кызыл-Тейит, Жаңы-Ноокат, Бак-Көчө, Тамак, Жаш, Калмак айылдары, Ноокат шаары;
Кара-Суу районунун Зарбалик, Мамажан, Большевик, Кашкар-Кыштак айылдары, Кара-Суу шаарынын Ленин, Пушкин, Нурахунов, Ош, Өзгөн көчөлөрү;
Баткен районунун Бужум, Жаңы-Жер айылдары, Баткен шаарынын Тамаша, Тоо-Таш, Чек кварталдары;
Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтү, Кадамжай шаары;
Өзгөн районунун Саламалик, Ак-Жар, Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрү.
18-октябрь:
Ноокат районунун Тут-Зар, Мундуз, Гулистан, Кызыл-Сай, Айырма, Жаңактаги, Коен, Вахым, Кызыл-Тейит, Беш-Коргон, Тажы-Кыштак, Шакар-Кыштак, Дөң-Кыштак, Дөң-Төбө, Миң-Тамыр, Борбаш, Жийде, Медресе, Жайылма, Додон, Кызыл-Октябрь, Меркит айылдары;
Кара-Суу районунун Большевик, Кыргыз-Чек, 222, 223-кварталдар, Ак-Жар, Миялы, Кызыл-Ордо, Эшме, Барак, Кыдырша, Савай, Присавай, Кашкар, Кызыл-Мээнет айылдары;
Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Кашка-Жол, Кара-Кочкор айыл өкмөттөрү;
Кадамжай районунун Көтөрмө, Орозбеков айыл өкмөттөрү, Кадамжай шаары;
Кызыл-Кыя шаарынын Набережная, Орто-Кыштак, Сухой-Сай, Беш-Капа, Жаштык, Тынчтык, Кулатов, Тешик-Арык, Свердлов, Хрипченко көчөлөрү;
Өзгөн районунун Дөң-Булак, Мырзаке, Алтын-Булак айыл өкмөттөрү, Өзгөн шаарынын Гагарин, Кошиев, Ленин көчөлөрү;
Ош шаарынын Масалиев проспекти, Шакиров, Жумабаев, Турсунбаев, Ашимахунов көчөлөрү, Амир-Тимур кичи шаарчасы, Тээке, Озгур айылдары, Коргон участкасы;
Саат 09:00дөн 12:00гө чейин: Ош шаарынын Раззаков, Авиценна, Моторная, Артыков, Мирзаев, Юбилейная, Курчатов, Абдувалиев, Закиров, Мамытов, Кабылов, Юнусов, Саргачаев (Тубсанаторийдин айланасы) көчөлөрү, Аэропорт кичи шаарчасы, Арипжан айылы;
Саат 14:00дөн 17:00гө чейин: Ош шаарынын Ишматов, Латипжанов, Мушкетов, Набережная, Төлөнов, Бөкөнбаев, Пичугин, Луначарский, Фурманов, Космодемьянская, Резиденция №1,2,3,4,5,6,7,8,9, Ленин, Ибраимов, Сүйүнбаев, Садырбаев, Кочебаев көчөлөрү.
"Ош электр" ишканасы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн электр кубатын колдонуучулардан кечирим сураган.
Булак: NazarNews.kg