www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Тажикстанга 5 чопкутталган «Тигр» тартуулады

Беларусь мамлекети жетекчилик кылган Күнкорсуз мамлекттер шериктештигинин (КМШ) жыйынында, негизинен, 11 маселе каралды. Жыйындагы орчундуу маселелердин бирден-бири Ооганстандагы “Талибан” кыймылынын айланасында болду.

Ооганстандагы кырдаал Борбор Азия мамлекеттерине эле эмес, бүтүндөй КМШ аймагына да коркунуч жаратып коюшу тууралуу ойлор да айтылган эле. Бул онлайн жыйынга 9 мамлекеттин мамлекет башчылары (Орусия, Казахстан, Азербайджан, Беларусь, Кыргызстан,Тажикстан,Түркмөнстандын президенттери жана Армения менен Молдованын премьер-министрлери) катышкан.

Жыйын аяктагандан бир күн өтпөй Орусия тараптан Тажикстанга заманбап техникага шайкеш келген кымбат баадагы 5 “Тигр” аттуу ок өтпөс, чопкутталган аскер техникасы жеткирилди. Айтмакчы, 23-24 октябрда, Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган аталган өлкөлөрдүн аскердик машыгуу иш-чарасына даярдыктар кызуу көрүлө баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости