www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш мүлкүн ачыктап декларациясына жазган жарандарга топтолгон байлыгын каяктан алганын текшербөөгө кепилдик берген мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.
Талкуу учурунда депутат Адахан Мадумаров "Муну менен коррупциялык схеманы легалдаштырып жаткан жоксуздарбы? Соңку бир канча жылда чөнтөктөрүн толтуруп алган кишилерге жол ачуу эмеспи?", - деген суроо узатты.
Буга Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев:
"Бул дүйнөлүк практиканын негизинде иштелип чыккан документ. Көмүскөдө жүргөн мүлктү экономикага жүгүртүүгө киргизүүгө багытталган. Кийинки жылы бардык жарандар декларация тапшырууга милдеттендирилет, бул ошого даярдык катары да жасалууда", — деп жооп берди.
Мындай жооп депутаттарды ынандырган жок. Суроодон буйтап, манипуляция жыттанган жоопко итиркейи келген Мадумаров дүйнөлүк практиканын башка мисалын келтирди:
"Андай болсо Кытай мүлктү мыйзамсыз менчиктештирип алганы үчүн нечендеген аткаминерлерди өмүр бою эркинен ажыратты, атуу өкүмүн чыгарды. 60 триллион юань кайтарып алды. Дүйнөлүк практика ушундай. Ал эми бизде уурдаган, каткандарга ар эки жылда мунапыс берип турабыз. Силер бул мыйзам менен элдин эсебинен мыйзамсыз байыгандарды толук түрдө боштондукка чыгарып жатасыңар.
Декларацияда жарандын байлыгы көрсөтүлөт. Анан ал кайдан пайда болду деген суроо туулат. Алган айлыгы 60 миң сом, ээлеген байлыгы 60 миллион доллар болуп жатат. Декларация ушуну анализдеш үчүн берилет да. Бул мыйзамдын 7 миллион калкка түк тиешеси жок, 70тей эле аткаминерге тиешелүү", - деп агынан жарылды.
Бирок, айтылган жүйөөлөргө карабастан мыйзам долбоорун 63 "макул", деп колдоп, болгону 4 эл өкүлү "каршы" добуш беришти.