www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата районунда адамды скотч менен ороп, талаага таштап, унаасын айдап кеткен шектүүлөр кармалды.

Чүй облустук милициясынfy билдиргендей, 4-апрелде саат 14:00 чамасында жакынкы талаада жергиликтүү тургун Ысык-Ата районунун Алга айылына жакын жердеги суу сактагычтан бир кишинин скотч менен оролуп жатканын көрүп, дароо милицияга кабарлаган.

Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, ал 1989-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран экени аныкталган. Анын оозу, көзү, колу, буту жана денеси скотч менен оролгон.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 3-апрелинде кечинде жабырлануучу Б.Н. Достоевский менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар менен жолугушкан. Алар өздөрүн интернет аркылуу сатыкка коюлган Range Rover унаасын сатып алуучулары катары тааныштырышкан.

Алар жаранды өлтүрөбүз деп коркутуп, күч колдонуп, скотч менен ороп, унаанын документтерин, 50 000 сом акчасын жана iPhone 11 Pro телефонун тартып алышкан. Аны унаага салып, талаага алып келишкен. Ал эми Range Rover унаасын белгисиз тарапка айдап кетишкен.

Бул факты боюнча Ысык-Ата РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 165-берененин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИБдин жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде аталган кылмышка шектүүлөр аныкталып, 1998-жылы туулган К.Н. 1994-жылы туулган С.К., 1994-жылы туулган М.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Range Rover үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын аймагынан табылган.

Учурда козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости