www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТО өлкөлөрү Украинанын альянска кирүүсү боюнча бирдиктүү позицияга келе алышкан эмес. Бул тууралуу Financial Times гезитинин жазганын РИА Новости таратты.

"Польша жана Балтика өлкөлөрү өңдүү мамлекеттердин Киевге НАТО өлкөлөрү менен тыгыз байланыш түзүүсүн сунуштоо жана анын келечекте альянска мүчө болуусун колдоо боюнча аракеттерине АКШ, Германия, Венгрия каршы болууда", — деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, ушул аптада уюмга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчылары Киевге эмнелерди сунуштаса болорун талкуулашкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө июль айында Вильнюста өтө турган саммитте "Украинага альянска мүчө болушу үчүн жол картасын сунуштоо туура болобу?" деген суроонун тегерегинде чоң пикир келишпестиктер жаралган.

"Ошол эле учурда АКШ бул сунушка каршы чыккан", — дешкен макаланын авторлору өздүк булактарына таянып.

Вашингтон Киевге аскердик, каржылык жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө басым жасоого чакырган.

Бейшембиде Литва сейми (парламенти) Вильнюстагы саммитте Украинага НАТОнун мүчөлүгүн сунуштоо жөнүндө резолюция кабыл алган. Анткен менен Литванын тышкы иштер министри Габриелюс Ландсбергис Украина тараптын альянска кабыл алынышын күткөн деле эч ким жок деп билдирген.

Өткөн жылдын сентябрь айында Киев НАТОго тез аранын ичинде мүчө болуу тууралуу билдирүү жөнөткөн. Уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг "ачык эшик саясаты" бар экендигин белгилеп, бирок жаңы мүчөнү кабыл алуу үчүн ага кирген бардык өлкөлөрдүн макулдугу керектигин эскерткен.

Москва абалга тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатканын, Украинанын дал ушул НАТОго кирүү аракеттери атайын операциянын башталышына себеп болгондугун белгилеген.

НАТО уюмунун Литвадагы саммити 11-12-июлда өтөт.

 

Последние новости