www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жаткан 2014-жылы "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушунун баасы 2,9 миллиард долларга бааланган. 

Бул тууралу бүгүн, 6-апрелде «Электр станциялары» ишканасынын 
перспективалуу өнүктүрүү жана капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ибрагим Алиев билдирди. 

Ал белгилегендей, "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу совет доорунда эле пландалып келген. «Камбар-Ата-1" ГЭСинин баасы 2014-жылы техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып жатканда 2,9 миллиард долларды түзгөн.

Анын айтымында, "Камбар-Ата-1ди" куруу Кыргызстандын эле эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын энергетика тармагындагы бир катар көйгөйлөрдү чечет.

"Мисалы, азыр бизде электр энергиясын өндүрүү таңкыстыгы болуп, Борбор Азиядагы суу режимин жөнгө салууда көйгөйлөр бар. Ошол эле ГЭС суу аз болгон шартта да иштөөгө мүмкүндүк берет", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан" Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу маселесин иликтей баштаганын билдирген. Ал кошумчалагандай, бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости