www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэла президенти Мадуро: “Дональд Трамптын Венесуэлага каршы согуш ачууга далаалаттануусунун себеби Венесуэланын нефтиси, Венесуэланын байлыктары”- деди.

Венесуэла Президенти Николас Мадуро, Америка Президенти Дональд Трамптын Венесуэлага каршы аскердик кийгилишүү ниети бар экенин айтты.

Мадуро, Испан тилиндеги Russia Today (RT) телеканалына берген маегинде, өлкөдөгү маселер сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле тургандыгын, кысымга алуу жана басып алуу жолу менен кандайдыр бир натыйжага жетишүү мүмкүн эмес экенин айтты.

Оппозиция жана бардык чет өлкөлөр менен тил табышуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек экенин эске салган Мадуро, тарыхта кандай эсте кала турганы ал үчүн маанилүү эмес экендигин, бирок “элин карабай качкан, сөзүндө турбаган, чыккынчы жана күчсүз лидер” аталбай тургандыгын айтты.

Мадуро жалгыз максаты эл алдында өз милдетин так аткаруу экендигин, Америка президенти Дональд Трамптын чабуулуна даяр экендиктерин билдирди.

Кээ бир өлкөлөрдүн кайрадан шайлоо чакырыгына байланыштуу Мадуро, кандайдыр бир шайлоого муктаж эместигин, шайлоо тартибине жараша 2020-жылы парламенттик шайлоо өткөрө тургандыктарын айтты.

Трамптын Венесуэлага каршы аскерий кийгилишүү ниетинде экендигин айткан Мадуро: “Дональд Трамптын Венесуэлага каршы согуш ачуусунун себеби эмне? Согуштун себеби Венесуэланын нефтиси, Венесуэланын байлыктары, алтын, газ, темир, алмаз жана башка кен байлыктары”, – деди.

Мадуро, дүйнө жүзү менен байланыш каналдары дайыма ачык экендигин эске салып: “Венесуэланы басып алуу болбойт, бирок бул ыйык жерибизди коргоого даяр эмес экендигибизди көрсөтпөйт” –деди.

Өлкөдөгү экономикалык маселелерди жоюу үчүн чара көрүлө турганын белгилеген Мадуро, өлкөгө карата экономикалык согуш жарыяланганын жар салды. Ал акча маселеси бир эле Америкага байланыштуу эмес экендигинин баса белгилеп, жетишпестикти Кытай, Россия жана Индия сыяктуу өлкөлөргө дагы көбүрөөк нефть сатуу аркылуу толуктоого боло тургандагын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости