www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мага баары бир эмес/Мне не все равно» Кыргызстан жарандарынын форумунун алкагында өлкөнүн өсүп-өнүгүшүн күчөтүүгө катышууну көздөгөн жигердүү жарандар үчүнчү ирээт жолугушуу өткөрүүдө

Бул жылы форум Кыргызстандын алдында турган ар кандай коомдук-саясый көйгөйлөрдү чечүүгө жаш муунду тартууну максат койгон. Келээрки муунду (б.а.  «Next мууну») сөзсүз түрдө эле алардын курагына карап кабыл албаш керек. Бул муунда толугу менен бышып жетилген өлкөнүн жарандары да болушу мүмкүн, ошондой эле маселелерди жаңы жолдор менен чечүүгө жөндөмдүү болгон жаш атуулдар да болушу мүмкүн.

26-27-апрелде Бишкек шаарындагы «Достук» мейманканасында өтө турган форумда катышуучулар келечектеги өлкөнүн образын жана аны курууда кезектеги муундун ролун талкуулашат. Эки күндүк форумдун биринчи күнү кириш сөздөрдөн жана бет ачаарлардан кийин Актан Арым Кубаттын  «Кентавр» деген фильми көрсөтүлөт, андан соң фильмде камтылган маселелерди талкулоо жүрөт. Форумдун экинчи күнү жарандардын жигердүү катышуусуна көмөктөшүүчү ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү жана жагдайларды талкулоого арналган. Бул маселе Кыргызстандын, Россиянын жана Польшанын өкүлдөрү тарабынан көтөрүлмөкчү. Топтордо иштөө экинчи күндүн программасынын маанилүү бөлүгү болуп калмакчы, анда катышуучулар чыгармачыл мамиле жасоо менен өлкөнүн келечегин баамдашат жана андагы өзүнүн ордун аныкташат. Форумдун соңунда адатынча «Атуул» Өз өлкөсүнүн жараны» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат.

Форумдун жыйынтыгы боюнча республиканын өсүп-өнүгүшүнө жаштардын жарандык катышуусун, өзгөчө аларды өлкөнүн келечегин калыптандырууга жана аны ишке ашырууга жигердүү кол кабыш кылуусун күчөтүү күтүлүүдө.

Форумга тиешелүү маселелер боюнча civicforumkg@gmail.com же Фейсбуктагы форумдун баракчасы аркылуу кайрылыңыздар.   

 

Последние новости