www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Садыр Жапаровдун жакындары жана аны тосуп алабыз деп эки айга камалган балдардын апалары  Бишкетеги СИЗОну каржылап,   чет элден келген  гранттарды бөлүп берген «Орион» соода  борборунун алдында турушат.

Алардын колунда Садыр Жапаровдун №1 СИЗОдо кыйноого туш болуп, канга чыланган сүрөттөрү бар. Азырынча аталган борбордун жетекчиси Питер Бурьян жолугушууга чыга элек. Бирок, күзөтчүсү окуя качан болгонун, кандай болгонун сурап, Садыр Жапаровдун жакындарынан маалымат алып жатат.

«Орион» соода борборунун алдына  нааразычылык  акцияга чыккандар кечээ сот Садыр Жапаровду себепсиз дагы бир айга камоо чечими чыгарганына жана бул жолу да №1 СИЗОдо камакта калтырганына нааразы болуп, аталган уюм каражат бөлүп эле тим болбостон  тартип жагында көзөмөлдөсүн деген максат менен ушул кадамга барып жатышканын айтышты.

Булак: Фактор

Последние новости