www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

МАГАТЭ: Иран уранды 60 пайызга чейин байыта баштайт

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Ирандын Натанз шаарындагы өзөктүк жайда уранды 60 пайызга чейин байыта баштагандыгын тастыктады. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

«Агенттик бүгүн Иран UF6 (уран гексафторидин) 60 пайызга чейин байытуу менен өндүрүүнү баштаганын тастыктады», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Reuters МАГАТЭнин жашыруун отчетуна шилтеме берип, анда Ирандын аталган жерде өндүрүлгөн UF6 байытуу деңгээли 55,3 пайыз деп айтканы айтылат. Агенттик байытылган урандын үлгүсүн көзкарандысыз текшерүү үчүн алды.

Иран уранды 60 пайызга чейин байытуу ниетин 11-апрелде Натанздагы өзөктүк жайдагы диверсиядан кийин жарыялаган. Маалыматтарга караганда, катуу жарылуу уранды байытуучу центрифугаларды кубаттаган жакшы корголгон ички электр тутумун талкалаган.

Иранда бул окуя теракт деп эсептелген, бирок ага келтирилген зыян анча чоң эмес деп бааланган. Бийликтин айтымында, кырсык уранды байытууну токтотууга алып келген жок жана бузулган жабдуулар жакында жаңылары менен алмаштырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости