www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилекке каршы, ошол эле учурда Бажы кызматынын бюджети 500 млн сомго көбөйтүлгөн.

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеӊеште республикалык бюджеттин долбоору каралып жаткан учурда депутат Алтынбек Жунус уулу тарабынан айтылды.

Суроо-жооп жүрүшүндө депутат Алтынбек Жунус уулу өткөн жылы Бажы кызматынын натыйжалуулугун оптимизациялоо жана пландалган иш-чаралардын алкагында аталган кызматтын бюджети 500 млн сомго көбөйтүлгөндүгүн билдирип, үстүбүздөгү жылдын 3-чейрегинин жыйынтыгы боюнча Бажы кызматы натыйжалуу иш көрсөтө албаганын – бажы жыйымдарын чогултууда 4 млрд 580 млн сом түшпөй калганын сынга алды.

Бажы кызматынын төрагасы жыйымдарды чогултууда болжолдонгон көрсөткүчтөргө жетпей калуунун себебин, импорттун 10%га төмөндөшү, анын ичинде Кытайдан кирүүчү товарлардын көлөмү 12%га азайып кеткендиги менен түшүндүрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости