www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарга бетиндеги чоң калына операция жасоо үчүн Орусиянын Краснодар крайына келген америкалык алты айлык Лунна Феннердин сүрөттөрү жарыяланды. 

Алты айлык кыздын энеси Кэрол Феннер акыркы процедура болгонуна бир ай өткөнүн жана дагы күтүү керектигин билдирди. 
Сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, кыздын чекесинде кара так жок болуп калган. Наристенин апасы Орусияга келип жергиликтүү дарыгерлерге ишенип операция жасатуу чечимин кабыл алганына сүйүнүп жатканын өзүнүн Инстаграм баракчасынан бөлүштү. 

Белгилей кетсек, АКШда Луннанын бетине операция жасоодон баш тартыштан. Ошондон улам кыздын ата-энеси башка дарыгерлерди издешкен. Жыйынтыгында, Орусиянын Краснодар крайынын дарыгерлери операция жасоого макул болушкан. Ошондой эле, дарыгерлер кал коркунучтуу шишикке айланып кетиши мүмүкүн экенин айтышкан. 

Кичинекей наристе тууралуу  бүткүл дүйнө жүзү интернет аркылуу билишти. Анын апасы өзүнүн Инстаграм баракчасына кызынын тарыхы тууралуу пост жазып видео жүктөп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости