www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШга Евробиримдик менен соода согушун баштоонун ордуна Кытай менен атаандашууга, Жакынкы Чыгыштагы кризиске жана Украинадагы согушка көңүл бурууну сунуштады.

10-февралда CNN телеканалына берген маегинде Макрон АКШнын европалык товарларга бажы төлөмдөрүн киргизиши америкалык экономикага зыян келтирип, инфляциянын өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

"Европа — сиздин союздашыңыз. Эгер Европа инвестициялар, коргонуу жана коопсуздук маселелерине көбүрөөк көңүл бурсун десеңиз, жана бул АКШнын кызыкчылыгына шайкеш деп эсептесеңиз, тарифтер менен европалык экономикага зыян келтирүүдөн сак болуңуз," — деп баса белгиледи француз лидери.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Евробиримдикке бажы төлөмдөрүн киргизүү менен коркуткан, негизги себеби — Европаменен болгон соода дефицитин кыскартуу. Европа Биримдиги бул коркунучка жооп катары симметриялык чара көрүүгө даяр экенин билдирген.

Жакында Трамп бардык өлкөлөр үчүн, өзгөчөлүктөрсүз, АКШга импорттолгон болот жана алюминийге 25 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялаган. Анын биринчи президенттик мөөнөтүндө мындай кадам АКШ менен Брюсселдин ортосунда курч соода жаңжалына алып келген. Ошол учурда Европа Биримдиги америкалык виски, Harley-Davidson мотоциклдери жана Levi брендинин кийимдерине кошумча бажы төлөмдөрүн киргизген.

Последние новости