www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соцтармакта Максат ажы Токтомушевдин ак калпакчан өзбекче даават айтканы талкууга алынып, калың катмарды кыжырдантканын байкадык.

Негизи тилге, дилге келгенде этият мамиле жасаш керек. Кайсы бир топтун кызыкчылыгын канааттандыруу үчүн упай топтоо, же атайылап билмексенге салуу менен догурунуп, улуттун намысына сөз тийгизүү осолдук.

Кыргызстанда эне тилибиз аздектелип, биринчи орунда турушу абзел. Бул талашсыз чындык! Ал эми Максат ажы дааватын өзбек тилинде айтканы - өзүнүн абийиринде!

Буга атайын органдар баа берүү менен тарбияга чакыруу керек. А болбосо дайыма эле коомчулуктун, улуттун сезимине ойной турган, кара так калтырган калпыстыкты, катачылыктарды көп кетирет.

Эсибизде, эки бир туугандын балдары үйлөнсө болот деп да балээге калган. Санап отурсак, салтка, заманбап жашоо образына каршы келген ой-туюмдары толтура. Качан адам болобуз?

Булак: Азия News гезити

Последние новости