www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи канатым кино, ал эми экинчи канатым педагогика болуп калды. Мындай пикирин Кыргыз эл артисти, профессор, белгилүү кинооператор Манас Мусаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"Учурда мен Кыргыз-Түрк Манас университетинде мугалимдик кесипти аркалап келе жатам. Студенттерге кыргыздын эски фильмдерин көрсөтсөм, абдан таң калышат. Себеби мурунку тартылган фильмдер менен учурдагы заманбап тасмалардын айырмасы абдан чоң. Ак-кара өңдөн баштап сюжеттерине чейин айырмаланат", - дейт Манас Мусаев.

"Ак кеме", "Бөрү зындан", "Сүйүү жаңырыгы" сыяктуу көркөм тасмаларды тарткан Манас Мусаев кино тартып жатканда, Чыңгыз Айтматов эч кийлигишчү эмес дейт.

--"Ак кеме" көркөм тасмасынын үчтөн бир бөлүгүн тартып бүтүп калган учурда Чыңгыз Төрөкулович Аскар жана Санжар аттуу эки уулу менен келген. Биз ага тартуу иштери жүрүп жаткан жерлердин баарын көргөздүк. Ал абдан тартуучу топко ыраазы болгон. Анын жылуу сөздөрү бизге кадимкидей дем берген. Чыңгыз Төрөкулович өзгөчө кичинекей Нургазынын образын жараткан Нургазы Сыдыгалиевдин аракетин өтө баалаган.

Нургазы ал учурда мектепте окуй элек, тамга тааный элек кези. Бирок окуп берген тексти дароо эсине түйүп алган, абдан дилгир, таланттуу бала болчу. Нургазынын образды толук, жеткиликтүү ачып беришине режиссер Болот Шамшевдин эмгеги зор десем жаңылышпайм. Анткени, Шамшиев жасалмалуулукту жактырчу эмес", - дейт Манас Мусаев.

Толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости