www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин коомдук коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов билдирди.

Анын айтымында, ИИО кызматкерлери бардык облустарда күчөтүлгөн тартипте иштешет.

"31-август күнү Чүй облусунун Чуңкурчак жайлоосунда КР көз карандысыздык майрамына жана Канай уулу Байтик Баатырдын 200 жылдык маарекесинин арналган иш-чара өтөт. Аталган иш-чараны өткөрүү учурунда Жол коопсуздугун камсыздоо максатында жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан капчыгайга баруучу жол текшерүүгө алынат. Башкармалыктын 30 патрулдук унаасында жалпысынан 165 кызматкер, анын ичинде жетекчилер да тартылат", - деди ал.

Мындан тышкары, ал унааларды туш келди токтотууларга жол бербөө үчүн 11 унаа токтотуучу жай каралып, 10го жакын эвакуаторлор да тартылып, зарыл болгон учурда туура эмес токтотулган унаалар эвакуацияланарын кошумчалады.

"30-августта кечки саат 18:00 дөн тартып Чүй облусунун Чуңкурчак жайлоосуна жүк ташуучу унаалардын кирүүсүнө чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат. Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу Чүй облусунун тургундарын жана конокторду түшүнүү менен мамиле жасоону жана жолдо жүрүү эрежелерин жана маданиятын сактооңуздарды өтүнөбүз", - деди Рахманов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости