www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бундесверде (Германиянын Куралдуу күчтөрү) курал-жарак кору жетишсиз болууда. Бул тууралуу ZDF телеканалына аталган мамлекеттин ТИМ башчысы Анналена Бербок билдиргенин РИА Новости жазды.

Дипломат ошол себептен Германиядан Украинага курал-жарак этияттык менен жеткирилип жатканын белгилеген.

"Тилекке каршы, кырдаал ушундай. Курал-жарак кору өзүбүздө жетишсиз. Бул көйгөйдөн улам аскердик өнөр жай атайын Украина үчүн өндүрүш баштоого аргасыз болду" — деген дипломат.

Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясынан улам Батыш мамлекеттери Украинага курал-жарак жеткирүүнү улантууда. Москва мындай иш-аракеттер чыр-чатакты токтотпой, тескерисинче, созо турганын бир нече жолу айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости