www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мал уурдагандар 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Мал уурдагандарды он жылга эркинен ажыратуу сунушталууда. Бул туралууу Жогорку Кеңештин "Ата журт — Кыргызстан" фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиев  демилгеледи.  Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине жана Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү коомдук талкууга чыгарылды.

Депутат Абдалиев  2017-2021-жылдагы редакцияларында "Мал уурдоо" беренеси жок экенин, бул кылмыштын ушул түрүнүн өсүшүнө алып келип жатканын белгилеген.

Сунушталган мыйзам долбоорунда мал уурулукка баргандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салуу же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштерин жүргүзүү каралган.

Мал уурулук ири өлчөмдө жана адамдардын тобу тарабынан, башка бирөөнүн аймагына кирүү менен жасалса, 200-400 миң сомго чейин айып салып, беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндиктен ажыратуу сунушталууда.

Мындан тышкары, бул ишке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катышса, анда мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости