www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңы шайланган президенти Темир Сариевди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев улуттук экономикабыздын өнүгүшүндө Соода-ѳнѳр жай палатасынын мааниси чоң экенин белгилеп: “Андыктан тажрыйбалуу ишмер катары ѳнѳр-жай тармагын алдыга жылдыруу, ишкерлерди колдоо жана эл аралык соода байланыштарын кеңейтүү жаатында жигердүү эмгектенесиз деген ишеничтемин. Сиздин буга чейинки баскан жолуңуз жана тармактагы ийгиликтериңиз коюлган милдеттерди толук аткарууңузга өбөлгө түзөөрү анык”, – деди.

Муну менен катар жаңы жетекчиден жаңы жетишкендиктерди күтөөрүн айткан Төрага: “Дүйнөлүк экономика жана заманбап чакырыктар ыкчам аракеттерди талап кылууда. Ага ылайык, жаңы ыкмада жана заманбап көз карашта мекеменин ишин жигердүү алып барасыз деген үмүттөмүн”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Темир Сариев жылуу кабыл алып, сунуш-пикирлери менен бөлүшкөндүгү үчүн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, Соода-ѳнѳр жай палатасынын миссияларына учкай токтолду.

“Биринчиден аталган палата ишкерлердин башын бириктирген аянтча. Экинчи башкы максатыбыз бизнести колдоо болсо, үчүнчү миссиябыз мамлекеттик мекемелер менен тыгыз иш алып баруу. Айрыкча кабыл алынып жаткан мыйзам актыларына, тийиштүү чечимдерге карата бизнес коомчулуктун катышуусун камсыздоо алкагында Жогорку Кеңеш менен кызматташуу артыкчылыкка ээ”, – деди Темир Сариев.

Мындан тышкары жолугушууда жаңы жетекчи катары жасай турган иштери тууралуу маалымат берип, пландары менен бөлүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости