www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малайзия бийлиги Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын агасы Ким Чен Намдын каза тапканы тууралуу маалыматтарды тастыктады.

Өлүмдүн себеби расмий айтыла элек. Бирок түштүк кореялык жана малайзиялык басылмалар 45 жаштагы Ким Чен Нам Куала-Лумпурдун аэропортунда өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты.

Малайзия өкмөтүндөгү булактар Би-би-сиге билдиргендей, Ким Чен Намды өлтүрүү шаарда болгон. Анын сөөгүн эксперт-криминалисттер иликтөөгө алууда.

Түштүк кореялык Chosun телеканалы Куала-Лумпурдун аэропортунда Ким Чен Намга ууландырылган ийне сайылып көз жумган деп кабарлады. Кабарларда ага эки аял киши кол салып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Би-би-си булактарына Ким Чен Намдын үй-бүлөөсү менен тааныштыгы бар кишилер ал уулдандыруудан каза тапкан деп айткан.

Мунун алдында жергиликтүү полиция бөлүмүнүн жетекчиси Абдул Азиз Али дүйшөмбү күнү аэропортто өзүн жаман сезген Түндүк Корея жаранын шаарга ооруканага алып келе жаткан жолдо көз жумганын билдирген болчу.

Ким Чен Ирдин тун уулу Түндүк Кореянын лидерлигине негизги мураскерлердин бири болчу. Бирок Ким Чен Нам 2001-жылы жасалма паспорт менен Японияга учуп кетүүгө аракет кылгандан кийин атасы экөөнүн ортосунда араздашуу болгон.

Жыйынтыгында мураскер Ким Чен Ын болуп калды. Ал атасы каза тапкан 2011-жылдан бери Түндүк Кореяны жетектейт.

Акыркы жылдарда Ким Чен Нам өз өлкөсүнө барган эмес. Кабарларда айтылгандай, ал өзүнүн көп убактысын Кытайдын Макао аймагында өткөргөн.

Ким Чен Нам атасы Ким Чен Ир менен бирге түшкөн сүрөт, 1981-жыл.Сүрөттүн автордук укугуGETTY IMAGES

Ким Чен Нам атасы Ким Чен Ир менен бирге түшкөн сүрөт, 1981-жыл.

Ким Чен Нам өлкөдөгү реформаны жактагандардын бири болгон. Ал япон басылмаларынын бирине берген маегинде, Түндүк Кореядагы бийликтин атадан балага мурас катары берилишине каршы пикирин айткан.

Түндүк Кореянын өзөктүк куралы үчүн эл аралык кысым күчөп жаткан маалда Ким Чен Ын өлкөдөгү таасирин чыңдоо аракетин көрүүдө. 2013-жылы Түндүк Корея лидери жакын жездеси, таасирдүү саясатчы Чан Сон Тхэкюну өлүм жазасына тарткан. Аны мамлекеттик төңкөрүш жана коррупция боюнча айыпташкан. Ким Чен Нам өлүм жазасына тартылган жездесине жакын болгон экен.

Булак: Би-Би-Си

Последние новости