www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кепилдик фонд эки кластердик долбоорду ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу онлайн-брифингде “Кепилдик фонд” ААК Башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди. 

"Өткөн жылдан бери Дүйнөлүк банктын “Ысык-Көл облусундагы сүт тармагын каржылоо” долбоору ишке ашып келет. Долбоордун алкагында, фермерлер үй сатып алуу үчүн каражат менен камсыз болуп, сүт сатуу аркылуу займдарды төлөй алышат. Жалпысынан 913 фермерге 65 млн сом суммасында зайымдар берилген жана алар күн сайын сүт ишканаларын кошумча 12 тоннадан 15 тоннага чейин сүт менен камсыз кылышат.

Ал эми“Бир район – бир ишкана” программасынын алкагында, 2020-жылдын 30-апрелине карата 48 долбоорго 172 млн сом суммасында кепилдик колдоо көрсөтүлүп, кепилдик алдындагы насыялардын көлөмү 534 млн сомду түзгөн", - деди Абакиров.

Булак: NazarNews.org

 

Последние новости