www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында төраганын орун басары Мирлан Бакиров Өкмөт башчысынан: “2019-жылдагы статистикалык маалымат боюнча Кыргызстанга 8 млн турист келген. Сиз буга ишенесизби?” – деп сурады. Эскерте кетсек, Өкмөт 2019-жылдагы иши жөнүндө депутаттарга отчет берип жатат.   

Өкмөт өкүлү суроого жооп берип жатып, аталган сан Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк жарандар тууралуу маалыматтын негизинде келип чыкканын белгиледи. Депутат эсептөө ыкмасын өзгөртүү керектигине токтолуп: “Өлкөгө кирген ар бир чет өлкөлүк турист эмес. Маселен, коңшу өлкөнүн жарандары дайыма Кыргызстанга талаа иштерине иштөө үчүн да көп келишет”, – деди.  

Мындан тышкары Мирлан Бакиров айыл чарба жерлерин инвентаризациялоо жана өндүрүштө сууну колдонгондугу үчүн төлөм алуу маселелерин көтөрдү. Өкмөт өкүлү 40 райондо айыл чарба жерлерин инвентаризациялоо иши жүргөнүн билдирип, башка аймактарда да тиешелүү жумуштар жасалып жатканын кошумчалады. “Ал эми өндүрүштө сууну колдонгондугу үчүн төлөм алуу маселеси каралып жатат” – деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.  

Булак: NazarNews.org

Последние новости