www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жазып чыкты.

Тараптар коронавирус илдетинин дүйнөгө тарашынан улам түзүлгөн кырдаалга токтолушуп, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) жыйынын видеоконференция форматында июнь айында өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Сүйлөшүү учурунда Төрага Дастанбек Жумабеков ушундай кыйын кырдаалда парламенттер аралык байланышты чыңдоо маанилүүлүгүн белгилеп: “Пандемия шартында мамлекеттер аралык кызматташтык, андан тышкары өз ара колдоо өтө керек”, – деди.

Өз кезегинде Россия Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин уюмга мүчө мамлекеттердин бардык парламент төрагалары менен ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынын аралыктан өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүүнү көздөп жатканын кошумчалады.  

Булак: NazarNews.org

Последние новости